Илимдер академиясында адабияттын абалы талкууланат

Илимдер академиясынын маалымдоосуна караганда, 5-февралда Илимдер академиясындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту “Жаңы доор: фольклор, кыргыз адабияты жана аны изилдөөнүн маселелери” аттуу тегерек стол өткөрөт. Жазуучулар, окумуштуулар, мугалимдер катыша турган жыйында кыргыз адабиятынын абалы талкууланат. (AiT)