Оторбаев: Компромисс табылбаса сотко барууга туура келет

"Кумтөр маселеси боюнча компромисс таппасак, анда бизди бир гана жол күтүп турат. Ал - Стокгольмдогу эл аралык сот". Эгер парламент Кумтөр боюнча өкмөт сунуштап жаткан вариантка көнбөсө, Кыргызстанды ушундай жол күтүп жатканын бүгүн депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев эскертти.

Кыргызстандын парламенти менен өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштетүү келишими боюнча бир пикирге келе албай жатат. (RK)