Оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров сурак берип чыкты

“Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун билдирүүсүнө караганда, аны 7 жаштагы кызы менен поликлиникада жүргөн жеринен беш милиция кызматкери күч менен суракка алып барган. Сурак 2010-жылы 8-апрелде Ошто “Импак” аттуу фирмага белгисиз кишилердин киришине байланыштуу болгон.  Кадыров Кыргызстанга Казакстандан 9-апрелде гана келгенин билдирген.

Суракка чакыруунун себебин Кадыров саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырат:
 
- Албетте бул саясатка байланыштуу. Атамбаев айтып жатат да "Кадыровго бир нерсе тапкыла. Эмне кылсаңар да муну камаш керек" деп жатат. Ошондон айласы кетип таап атканы.
 
Ички иштер министрлиги Кадыров 2010-жылы апрелде ачылган кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылганын билдирип чыкты. (AiT)