Саясый ачкачылыктын курмандыгы эскерилүүдө

Ушу тапта Бишкекте саясый ачкачылыктан каза тапкан укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Аны өлкөнүн акыйкатчысы Бакытбек Аманбаев уюштурган.

Белгилүү укук коргоочу, экономист, публицист жана коомдук ишмер Шералы Назаркулов 12 жыл мурда 7-февралда Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күндүк саясий ачкачылыктын айынан Айыл чарба министрлигинин имаратында көз жумган.

Бүгүнкү эскерүү митингине маркумдун туугандары, укук коргоочулар, бийлик өкүлдөрү жана  журналисттер катышууда. (RK)