Балыкчыда ок аткандар аныкталды

КР Ички иштер министрлиги Балыкчыда милиционерлерге ок аткан деген шек менен Заур Магомедовго жана Бердимурат Арчаевге издөө жарыялады. Маалыматка ылайык, 1986-жылы туурлаган Заур Магомедов мурда киши өлтүргөнү үчүн айыпталып, соттолгон. Сокулук районунун тургуну. Ал эми 1971-жылы туулган Бердимурат Арчаев Аксылык болот.

Булар 9-февралда, күндүзгү саат беш чендерде Балыкчыда жол-кайгуул кызматкерин жана милиционерди кызмат өтөп жаткан жеринен атып, качып кетишкен деп шектелүүдө. Алар Тоңдогу жолдо бузулуп калган унаасын таштап, чоң жолдо бараткан Audi 6 автоунаасын ээсинен тапанча такап коркутуп тартып алып, андан ары айдап кетишкен. Алардын бузулуп калган унаасын тинтүү учурунда бет кап, жасалма чач жана бычак чыккан. Ок чыгаргандар айдап кеткен автоунаа бүгүн Бишкек-Ош жолундагы Көк-Бел ашуусунан табылды. Шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатат.

Ок жеген милиционер Бакыт Абдраев ооруканага жетпей каза тапкан, ал эми жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу жарадар болуп, ооруканада.(ZKo)