Путин президентикке талапкер Сисиге ийгилик каалады

Орусиянын президенти Владимир Путин Египеттин биринчи вице-премьери жана коргоо министри Абдел-Фаттах ас-Сисиге алдыдагы президенттик шайлоолордо ийгилик каалады.

Бул тууралуу президент  Путин  13-февралда Ново-Огареводо Египеттин  коргоо жана тышкы министрлери менен жолугушуудан кийин айтты.

Египеттеги президенттик шайлоолор 2014-жылдын апрель айына белгиленген. Путин шайлоолордон кийин өкмөт куралат деп үмүттөнөрүн кошумчалады. (AiK)