Кара-Сууда кутурма оорусу катталды

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында кутурма оорусу катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 4-февралда аталган айылдын тургуну Бахтияр Мелибаевдин ооруп жаткан ити анын жубайын жана 8 жаштагы уулун тиштеп алган. Аталган иттин кутурма менен ооруганы аныкталып, жок кылынды. Ит тиштеп алган 2 адам жергиликтүү дарыгердин көзөмөлүнө алынып, дарыланууда.(BkA)