Бакуда үйү бузулчу адамдар демонстрацияга чыкты

Бакунун ортолук аянтына 16-февралда чогулган миңдей адам калааны өнүктүрүү планы боюнча бузулчу үйлөрүнө төлөнгөн компенсациянын өлчөмүн көбөйтүүнү талап кылышты. Өкмөт Бакунун Язамал районунун тургундарына 1 чарчы метр үчүн 1500 манат(2050 доллар) сунуш кылган. Протестчилердин айтышынча, азыр Язамал районунда бир чарчы метр турак жайдын базар баасы 5 миң манат турат. "Компенсация көбөйтүлбөсө, үйлөрүбүздөн чыкпайбыз. Өкмөт берчү акча жаңы үйгө жетпейт", - деп эскертишти алар. Демонстрациянын жүрүшүн полиция көзөмөлдөп турду.