Он эки акча алмаштыруучу жайдын иши токтоду

Улуттук банк ишмердүүлүк учурунда мыйзам бузууларга жол койгону үчүн 12 акча алмаштыруучу бюронун ишмердүүлүгүн токтотту. Дагы алты мекеменин иш-аракети иликтенүүдө.

13-15-февраль күндөрү өлкө аймагындагы 130 акча алмаштыруучу мекеме текшерүүгө алынган. Улуттук банктан билдиришкендей, алардын арасынан кассалык тартип бузууларга жол берген жана валюта курсу боюнча талаптарды аткарбаган бюролордун лицензиясы алынды. (SE)