Кличко Меркел менен сүйлөшүүнүн мазмунуна ыраазы

Украин оппозициясынын башчылары Арсений Яценюк жана Виталий Кличко   Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Украинадагы саясий кризисти талкуулашты.

Кличко 17-февралда Берлинде болгон кездешүүдөн кийин Меркел айымды украин президенти Виктор Януковичке жана анын жакындарына санкция жарыялоого жана Украинадан тыш өлкөлөргө которулган акчаларды кылдат көзөмөлдөөгө үндөдү. Сүйлөшүү жөнүндө: “Мен талкуунун багытына  аябай ыраазымын.  Натыйжада, Украинадагы саясий кризисти чечүүдө дагы колдоо болот деп үмүттөнөм. Буга бардык партиялар кызыкдар. Алар Украинанын саясий жана экономикалык жактан стабилдүү өлкө болуусун каалашат”, - деди Виталий Кличко.

Яценюктын билдиришинче, Евробиримдик Украин өкмөтүнө Эл аралык валюта фонду жана Евробиримдиктин институттары аркылуу финансылык жардамды кеңейтүүгө даяр.