Киевде жалпысынан 64 киши өлгөнү тастыкталды

Шаардын саламаттыкты сактоо кызматынын расмий өкүлдөрү Киевдин борборундагы куралдуу кагылышууларда жума ичи жалпысынан 64 адам набыт болуп, 550 киши жараат алганын тастыктады. 18-февралдагы кагылыштарда кеминде 28 адамдын өмүрү кыйылган.

Бүгүн Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышы кайра жанданды. Протестчилер полицияга "Молотов коктейлдерин" ыргытса, полиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ чачып, желим окторду колдонгон. Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттардан кийин башталды. (AiK)