Пакистанда 9 жоочу жок кылынды

Пакистан аскерлеринин тикучардан урган соккусу 9 жоочуну жок кылды. Сокку Хайбер Пактунква провинциясынын  Хангу районундагы Таал кыштагынын жанындагы козголоңчулардын  машыгуу борборуна бүгүн (22-февралда) урулганын Пакистандын коопсуздук күчтөрү кабарлады. 
Пакистандын түндүк батышындагы Хангу району талиптер жана “ал-Кайида” менен ымалалаш согушчандар өздөрүн ээн-эркин сезген Оракзай региону менен чектешет.
Апта башында аскерий учактар адаватчы деп шектелген жоочулардын аймактагы тымызын өргүү жайларына чабуул жасап, кеминде 35 согушчанды жок кылган.