Ысык-Көл: кулчулукка кабылгандардын көбү Казакстанга баргандар

Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы “Лидер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Банура Абдиева "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Ысык- Көл облусунан чет жерге кетип, иш издегендердин ичинен кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү Казакстанда катталууда.

«Алардын көпчүлүгүн эркектер түзөт. Кулчулукка кабылуунун негизги себеби - бул маалыматтын жоктугу жана өз укуктарын билбегендиги»- деди Абдиева.

6 жыл аралыгында “Лидер” атуулдук демилгелер борбору Ысык-Көл облусунун 211 тургуну эмгек кулчулугуна кабылганын каттаган. (MK/SA)