Бүгүн саат экилер чамасында Бишкек - Ош жолунун үч жеринде кар көчкөн. Азыр кар тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
Аталган министрлик өлкө аймагында 26-февралга чейин кар көчкү коркунучу сакталарын, айдоочуларга этият болууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет. (КЕ)