Баткен: Бир жылда үч миң жаран аты-жөнүн өзгөрттү

Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнөн билдиришти. 2013-жыл ичинде эле 16 жашка чыга элек 2 миңдей жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү, миңден ашык атуул паспортундагы аты-жөнүн өзгөрткөн. Маалыматта айтылгандай, мындай кадамга негизинен үй-бүлөсү менен чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткандар жана Орусиядан депортация болуп, аты-жөнүн өзгөртүп кайра кетүүнү каалагандар барууда.

Документиндеги аты-жөнүн өзгөртүүгө Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салбайт. (JsA)