Ватиканда “Каржы министрлиги” ачылды

Рим папасы Франциск Ватиканда жаңы депаратментти ачуу боюнча буйрукка кол койду. Жаңы түзүлгөн департамент Каржы министрлигинин жумушун аткарат жана аны кардинал Жорж Пелл жетектейт. Ватикандын тараткан билдирүүсүнө ылайык, жаңы түзүлгөн департамент жылдык бюджетке жана каржылык пландоо өңдүү башка иштерге жооптуу болот. 72 жаштагы Пеллге 15 кеңешчи көмөктөшөт.

Башта Франциск Ватикандын каржылык иштери эл аралык стандарттарга жооп берип, ачык болушун кааларын айткан эле. Ватикандын банкында буга чейин коррупцияга байланыштуу бир нече чатак болуп, иликтөө иштери уланууда. (AiK)