"Бизди Сирияга алдап чакырышкан"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн УКМКнын Ош облустук башкармалыгы журналисттерге эшигин ачып, анда терроризмге шектелип кармалып жаткандар менен тааныштырды. Мында журналисттер терроризмге айыпталып жаткан жарандардын айрымдары менен көзмө-көз маектешүү мүмкүнчүлүгүн алышты. УКМКнын маалыматына караганда өткөн жылдын башынан бери жети террористтик топ Кыргызстандан кармалган. Алардын көпчүлүгү Сириядагы лагерлерде атайын аскердик даярдыктан өтүп келишкен.