“Ак илбирс” кино сыйлыгына сынак башталды

Быйыл 16-майда кыргызстандык киночулардын мыктыларына үчүнчү жолу улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгы тапшырылат. Уюштуруучулардын айтымында, 1-марттан тарта сынак жарыяланды. Тасмалар 1-апрелге чейин кабыл алынат. Сыйлыктар 15 номинация боюнча тапшырылат.

“Ак илбирс” сыйлыгын мурдагы жылы белгилүү кино ишмерлери негиздеген.  Ал кыргыз тасма өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. (BkA)