Татарлар Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү жасашууда

Орусиянын "Россия 24" каналында сүйлөгөн сөзүндө Татарстандын мурдагы президенти Минтемир Шаймиев "Ар кандай жаңжалды болтурбоо үчүн бардыгын жасаш керек. Крымда көп санда жашаган орустардын кызыкчылыгын да эсепке алыш керектигин" айтты.

Ал эми Татарлардын дүйнөлүк конгрессинин аткаруу комитетинин төрагасы Ринат Закиров Крымдагы татарлардын да кызыкчылыгын эске алууга чакырды.

Бүгүн белгисиз адамдар өкмөттүк имараттарда Орусиянын желегин орноткон Симферополь шаарына орусиялык татар депутаттар жол тартышты. Татарстан парламентинин төрагасы Фарит Мухаметшин «Крымда бузуку күчтөр улут аралык ынтымакка коркунуч келтирип жаткандыгын» белгиледи.