Кыргызстан: экстремисттик топтун 1700дөн ашык мүчөсү бар

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдык отчетунда айтылат.  Маалыматка ылайык, экстремисттик топтордун мүчөлөрүнүн 73 пайыздан ашыгы “Хизб-ут Тахрир" уюмунун катарында, калгандары салафизм, вахабизм жана акромия агымынын мүчөлөрү. Былтыр Кыргызстанда диний экстремисттик багыттагы 128 кылмыш иш козголгон. (BkA)