АКШ сенаторлору Ак үйгө Украинаны колдоо тууралуу кат жолдоду

Кечээ АКШ конгрессинин жогорку палатасынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин сенаторлору Обаманы Украинанын тынч жана демократиялык эволюциясына колдоо көрсөтүүгө чакырышты.

Катта Орусия Украинанын аймактык бүтүмдүгүнө каршы “чагымчылдык жана коркунучтуу тактикага” барып жаткандыгы жазылган.

Ошол эле учурда жолдомо каттын авторлору Кошмо Штаттары президент Путин менен конфронтацияга барууну көздөбөй турганын, болгону Орусия бийлигинен эл аралык укуктардын базалык принциптерин сыйлоону жана милдеттерди туура аткарууну гана каалашарын” ачыктаган. (SA)