ЕККУнун миссиясы Крымга киргизилбеди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Крым татарларынын Межлиси референдумга бойкот жарыялады. Межлис жетекчиси Рефат Чубаров. 06.3.2014.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун байкоочулар тобун Крымга куралчан адамдар киргизбей коюшту. Бирок алар “артка кайтпай бекем турушканын” Франс-пресс агенттиги дипломаттык булактарга шилтеп кабарлады.

Байкоочулардын маалымдашынча,  ЕККУнун байкоочулар тобун өткөөл бекетинен орусиячыл куралчандар тобу өткөрбөй койгон. 40 адамдан турган куралсыз аскерий байкоочулардын максаты - өткөн аптада орусиялык күчтөр басып кирген Крымдагы чыңалууну басайтуу жолдорун иликтөө. ЕККУнун байкоочуларынын мандаты 12-мартта бүтөт. Алар өлкөгө Украинанын жаңы өкмөтүнүн чакыруусу боюнча келишкен.

Ал эми Крым татарларынын Межлиси орусиячыл Крым парламенти тарабынан 16-мартка белгиленген референдумду жана ага камылга иштерди толук бойкот кылууга Крымдагы бардык этностордун өкүлдөрүн чакырды. Бул тууралуу Межлис жетекчиси Рефат Чубаров бүгүн маалымат жыйынында жарыя кылды.