Сочи шаарында бүгүн баштала турган паралимпиада оюндарын уюштуруу иштерине 8 миң ыктыярчы катышты. 60 өлкөдөн тандалгандардын катарында кыргызстандык Малик Өмүрзаков да бар.
Паралимпиадалык оюндар 7-марттан 16-мартка чейин уланат. Ага 45 өлкөдөн 575 майып спортчу катышат. Бул ирет кыргызстандык спортчулар барган жок. Борбор Азия мамлекеттеринен – Казакстандан 5, Өзбекстандан 2 спортчу катышууда.
Мелдештер спорттун 5 түрү боюнча өтүп, жеңүүчүлөргө 72 комплект байге ыйгарылат. (КМа)