Ош: Көчөдө соода кылгандар базарга көчүрүлөт

Ош шаардык мэриясы борбордук базардын тегерегиндеги Ленин, Кара-Суу, Навои көчөлөрүндө башаламан соода кылгандарды базардын ичине көчүрөт. Базар айланасындагы көчөлөрдү башаламан соода түйүндөрүнөн тазалоо, шаарды иретке келтирүү иштери мэрия жарыялаган бир айлыктын алкагында аткарылмакчы. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2010-жылдагы июнь коогалаӊы учурунда борбордук базардын айрым бөлүктөрү өрттөнүп, ошондон кийин базар толук кандуу иштебей, соодагерлер көчө бойлорун ээлеп калган болчу. (YI)