13-мартка карата аба ырайы

13-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4...+1, түндүк тарабында -3...-8, күндүз 11...16,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 11...16,
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8,
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...+2,
Бийик тоолордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 суук, күндүз 12...14 жылуу.