Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жол тосулду

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жол тосууларга бүгүн Баткендин Ак-Сай айылынын бир тургунун Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары тарабынан сабалышы себеп болгон. Учурда Ворух-Исфара жолу Ак-Сай айылынан буулган.

Ал арада тажик тарап да Кожалы айылынан Ак-Сайлыктардын жолун тосуп турушат.

Учурда эки тараптан тең эл топтотууда. (SA/JsA)