Муфтият: Ноорузга каршы фатва чыккан эмес

Нооруз майрамын белгилебөө боюнча муфтият фатва чыгарган эмес. Социалдык тармактарда айтылып жаткан сөз чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айрым диний аалымдар тарабынан Ноорузду майрамдоого каршы сунуш айтылган, бирок колдоо тапкан эмес.

Кыргызстандык айрым социалдык тармак колдонуучулары “муфтият ноорузду белгилебөө боюнча фатва чыгарганын” жазып, ал кызуу талкууга алынып жаткан. (SE)