Крым боюнча добуштардын 96% Орусия үчүн берилди

Соңку маалымат боюнча, Украинанын Крым республикасынын Орусия курамына кирүүсү үчүн кечээ күнкү референдумга катышкандардын 96% макул деп добуш берди. Бул тууралуу референдумду өткөрүү комиссиясынын жетекчиси Михаил Малышев шайлоо бекеттеринин төрттөн үчүндө саналып бүткөн бюллетендер боюнча маалымат берип жатып бүгүн билдирди. Добуш берүүгө шайлоочулардын 83% келип катышканы кабарланууда.

Украинанын курамындагы Крым автономиялуу республикасында референдум кечээ, 16-мартта өттү. Шайлоочулар өз добушун "Крым Орусияга кошулсун" же "Крым Украинанын бир бөлүгү бойдон калсын" деген эки суроонун бирине бериши керек болчу. (RK)