Бишкекте бир жаран канализация чуңкуруна түшүп мерт болду

Правда жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде бир жаран үстү ачык турган каналазиция чуңкуруна түшүп кетип каза тапты. Окуя 17-мартта күндүз болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашты.

Маркумдун сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди. Аты-жөнү такталууда.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад сыяктуу шаарларда канализациялык чуңкурлардын капкагы уурдалып кетип, ачык калган учурлар көп кездешет. Эки жыл мурун жарандык активисттер ошондой чуңкурлардын жанына эскертүү белгилерин орноткон акция да өткөрүшкөн. (SE)