Таласта сергек жашоого үндөгөн акция башталды

Талас шаарында бүгүн жаштарды сергек жашоого үндөгөн маалыматтык акция башталды. Аны Youth Action Fund долбоору "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен уюштурууда. Үч ай бою Таластын 5-9-класстарында окуган улан-кыздарга ичкилик, тамеки жана маңзаттын зыяны тууралуу кеңири маалымат берилет.  

Дарыгерлердин айтымында, соңку жылдары өспүрүмдөр арасында энергетикалык ичимдиктерге, синтетикалык маңзат жана насвайга көз каранды болуп кеткендердин саны өсүүдө. (RK)