Бишкекте жапон киносунун фестивалы өтөт

Бишкекте келерки аптада жапон киносунун фестивалы өтөт. Элчиликтен кабарлашкандай, 25-27-мартка пландалып жаткан маданий иш-чаранын алкагында "Октябрь" кинотеатрында беш тасма көрсөтүлөт. Фильмдер жапон тилинде орусча субтитр менен болот.

Кинофестивалдар кыргыз-жапон маданий кызматташтыгынын бир багыты болуп эсептелет. Соңку жылдары жапон тилин үйрөнүүнү каалаган кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Жапониянын Эл аралык өнүгүү агенттиги (JICA) аркылуу түрдүү маданий программалар ишке ашырылууда. (RK)