Эбботт: Малайзиялык учактын сыныгы Инди океанында табылды окшойт

Австралиянын премьер-министри Тони Эбботтун билдиришинче, сателлиттен тартылган сүрөттө табылган эки объект 8-мартта жоголгон малайзиялык авиалайнердин сыныгы болушу ыктымал. 

- Жаңы табылган ишенимдүү маалымат авиалайнерди Инди океанынын түштүгүндө издегенге өбөлгө болот, - деди Эбботт 20-мартта Австралия парламентинде сүйлөп.

Австралиялык ырасмий адамдардын сөзүнө караганда, узундугу 24 метрлик эки зат Перт шаарынан 2 500 чакырым алыста авиалайнер багыт алып бараткан аймакта табылган.

Малайзиялык “Боинг-777ни” издөөгө 10дон ашык өлкөнүн 40 кемеси жана 34 учагы катышууда. Алар буга чейин учакты  Азиянын түштүгү жана Борбор Азия багытында издеп жатышкан. Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп бараткан учактын ичинде 239 адам бар эле. Алардын 150дөн көбү Кытай жарандары.