Кадамжайдын Халмион айылындагы базарда кечээ кечинде өрт чыкты. Тилсиз жоодон базардагы он беш чакты соода контейнери толугу менен күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда өрттүн чыгышын себеби жана чыгымдар аныкталып жатат.
Базардын жетекчилиги кимдир-бирөө атайлап өрт коюшу мүмкүн экенин четке каккан жок. Бул базар тогуз жолдун тоомунда, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде жайгашкан. (BkA)
Базардын жетекчилиги кимдир-бирөө атайлап өрт коюшу мүмкүн экенин четке каккан жок. Бул базар тогуз жолдун тоомунда, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде жайгашкан. (BkA)