Нарында майыптар митингге чыкты

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында 20дай майып адам нааразылык акциясына чыкты. Алар өкмөттөн шаардагы үйү жок майыптарды турак-жай менен камсыз кылууну, пенсия, жөлөкпулду көбөйтүүнү талап кылууда. Чогулгандарга шаардык мэриянын өкүлдөрү чыгып жолугуп, талаптарды жогорку жакка жеткирерин билдиришти.

Нарын шаарында жалпы 300гө чукул майып жаран жашайт. (TSh)