Украин президенти Крымдан өз аскерлерин чыгарууну буйруду

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Украинанын Коргоо министрлигине Крымдан бардык украин аскерлерин чыгарууга буйрук берди. Бул чечим украин аскерлеринин жана алардын жакындарынын өмүрүнө орус армиясы коркунуч жаратканына байланыштуу кабыл алынганын белгиледи. Турчиновдун билдирүүсү бир нече саат мурда орус аскерлери граната жана автомат менен украин деңиз күчтөрүнүн Феодосиядагы базасына чабуул жасагандан кийин таратылды. Аталган базада эч ким жараат алган жок. Дем алыш күндөрү орус аскерлери эки украин аскерий объектти басып алган. Учурда Крымдагы 189 украин аскерий түзүм Москванын карамагына өттү.