Премьерлик милдет убактылуу Жоомарт Оторбаевге жүктөлдү

Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, жаңы өкмөт куралганча Жоомарт Оторбаев премьер-министрдин милдетин аткарып турмакчы.

Бүгүн өкмөттүн жыйыны болуп, анда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын кабарлады. Сатыбалдиев ал жетектеген өкмөт бир катар жакшы иштерди алып барганын белгилеп, аткарылбай калган иштер үчүн Кыргызстандын элинен кечирим сурады.(BkA)