Премьерлик милдетти аткаруу Оторбаевге жүктөлдү

Мындай буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев өз арызынын негизинде премьер-министрдин милдетин аткаруудан бошотулду. Анын ордуна убактылуу милдетти аткаруу биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевге жүктөлдү.

Кечээ өкмөттүн жыйыны болуп, анда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын кабарлаган. Сатыбалдиев ал жетектеген өкмөт жакшы иш алып барганын белгилеп, аткарылбай калган иштер үчүн Кыргызстандын элинен кечирим сураган болчу. (BkA)