Кыргыз-тажик мамилеси талкууланды

Бишкекте кыргыз-тажик кызматташтыгынын азыркы абалы талкууланды. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов тажик элчиси Олим Рахимовду кабыл алды. Жолугушууда мамилени активдештирүү жана кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди кайра ачуу тууралуу сөз болду.

Быйыл январь айында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин чек ара жабылган болчу. (RK)