Текебаев: Жаңы өкмөт курамында чоң өзгөрүү болбойт

Өмүрбек Текебаев

Жаңы түзүлө турган өкмөттүн курамында чоң өзгөрүү болбойт. Бул тууралуу бүгүн коалиция түзүлгөн соң Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
 
Анын айтымында, депутаттар буга чейинки өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишин “канааттандырарлык эмес” деп тапкан. Ал эми өкмөт мүчөлөрүнө олуттуу сын жок.
 
Жаңы түзүлгөн коалиция 11-апрелге чейин өкмөт башчынын ордуна талапкерди сунушташы керектиги буга чейин кабарланган.
 
Коалицияга кирген үч фракция тең азыр премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин колдой турганын айтууда.
 
“Республика” фракциясы өкмөт башчыны "жумшак рейтинг" ыкмасы аркылуу тандоону сунуштаган. (SE/ZB)