Чек арада чайналган соодагерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанга товар өткөрүү машакатка айланды. Мындай маалыматты соодагерлер айтып чыкты. Алар казак чек арачылары аткезчилик деген шылтоо менен товар өткөрбөй, керек болсо тартып алып жатканын айтышат. Казак тарап чек арадан ар бир адам 50 килограмм гана жүк өткөрө алат деген чектөө киргизгенден кийин ортодо жүктөрдү кичине баштыктар менен, көөнү келсе кийим-кечелерди кийип өтчү жүк ташыгычтар кызматы пайда болгон. Эми болсо товарларды өңчөй казак жарандарынан турган “толкачтар” гана өткөрбөсө, жүк ташыгычтар чек арадан ары өтө албай убара. Мына ушундай машакаттан улам "Дордойдогу" реэкспорт көлөмү кескин азайган.