Чоң-Алайда жер титиреди

Бейшембиде эртең менен Оштун Чоң-Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Жер титирөөнүн очогу Жекенди айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Жаш-Тилек айылынан 8 чакырым батыш тарапта жайгашкан.

Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян болгон жок. (SE)