Бишкекте “Жаз-Бишкек-Жаз - 2014” фестивалы өтөт

Тогузунчу эл аралык фестиваль 11-апрелден 19-апрелге чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Маданий иш-чарага Кыргызстан, АКШ, Германия, Тажикстан, Австрия, Өзбекстан жана Жапониядан 10 топ катышат. Фестивалга виртуоз пианист, абройлуу “Грэмми” сыйлыгынын номинанты Эльдар Жангиров келет. Ал Кыргызстанда төрөлүп, 10 жашында АКШга кетип, жаз пианисти катары дүйнөгө таанылган.

Аталган фестиваль “Борбор Азия - Арт Менеджмент” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. (AzK)