Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын Улуттук лигадагы командаларынын арасында экинчи айлампа беттешүүлөрү жыйынтыкталды.
Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков «Азаттыкка» билдиргендей, алты команда ат салышты. Мелдеш 2-апрелде башталып, беш күндүк таймашууларда Ош облусунун «Ош бажы» командасы мыкты даярдыгы, чеберчилиги менен айырмаланды.
Өлкө чемпиону Бишкектин «Салам-Алик» командасы Ички иштер министрлигинин «Динамо» командасын 3:2 эсебинде утуп, 18 упай топтоо менен биринчи катарга чыкты. Чемпионаттын Улуттук лиганын экинчи айлампасында алты команда ойноду.
Ош шаарында өткөн биринчи турдун жыйынтыгында негизги атаандаштар "Жаңы Муун" менен "Салам-Алик" бирдей упай топтоп, кошумча көрсөтмөлөрдүн натыйжасында көлдүктөр алдыга озуп чыккан. Улуттук лиганын оюндары үч айлампадан турат, үчүнчүсү 21-25-майга белгиленип, өлкө чемпиону аныкталат. (КМа)