Кыргызстанда цианид колдонбоо демилгеси көтөрүлүүдө

Бул тууралуу “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстанда кен казууда мындан ары таптакыр цианид колдонбоо демилгеси Таласта депутаттардын эл менен жолугушуусунда айтылып, бул боюнча атайын чечим кабыл алынган.

- Жакында өлкөдө цианид колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун парламентке сунуштайм, - деди Болот Шер.

Көлдөгү Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын унаасы 1998-жылы жол кырсыгына кабылып, ичиндеги цианид Барскоон дарыясына төгүлүп кеткен. (RK)