Караколдо кармалгандар бошотула элек

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Каракол шаарына митингге келгендердин унааларынан таштар табылган. Буга байланыштуу 8 киши кармалып, азыр жагдайлары аныкталууда:

- Бул таштар эмне максатта апкелингени такталгандан кийин кармалгандарга карата юридикалык баа берилет. Административдик чара колдонулат.

Бүгүн Каракол шаарына митинг өткөрүү үчүн келген жарандарды милиция кууп таркатып, айрымдарын кармаган. (MK)