Шашылыш эскертүү: үшүк жүрүшү мүмкүн

Бүгүн түштөн кийин жана кечинде Кыргызстандын өрөөндүү аймактарында жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот.

13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 1…6° үшүк жүрүшү, күндүз абанын температурасы +1…+6° чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактар үчүн коркунучтуу.

13-14-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу аймактардын унаа жолдорунда: Бишкек - Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү коркунучу бар жолдордогу унаалар ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. (SA)