Диль: Экономикадагы кризис дагы эле уланууда

Кыргызстанда 2008-жылы башталган экономикалык кризис дагы эле уланууда. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкекте өткөн экономика маселелерине арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда былтыркы жылдагы экономикалык тенденцияны сактап калуу негизги максат болуп эсептелет. Вице-премьер-министр ошондой эле учурда аймактарды өнүктүрүү боюнча концепция иштелип жатканын айтып, тоо-кен тармагы Кыргызстандын экономикасынын негизги локомотиви бойдон кала берерин билдирди. (RK)