ОшТВ телеканалын орусиялык инвестор сатып алды

Бул маалыматты аталган каналдын директору Эрнис Кыязов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, телеканалды москвалык ишкер Максим Кротов сатып алды. Кыязов телеканалдын кожоюну алмашканына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып бергенин кошумчалады. Ошондой эле каналдын жамааты тараткан бүгүнкү билдирүүдө Кротов Борбор Азиядагы медиа тармакты келечектүү деп эсептегени үчүн каналды сатып алганын, аны өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы иштелип чыгары айтылган.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп баштаган. (BkA)