Бишкектин борбордук көчөсүнөн аял кишинин өлүгү табылды

Бишкектеги Киев жана Турусбеков көчөлөрү кесилишкен жерде жарым жылаңач абалда аял кишинин сөөгү табылды. Бүгүн саат 16:00 чамасында табылган маркум 45-50 жаштардын тегерегинде. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Окуя боюнча тергөө амалдарын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Милициянын божомолунда, маркум калаадагы селсаяктардын бири болушу мүмкүн. (SE)