Гитлер жөнүндө жазган журнал өрттөлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алматыда Улуу Ата Мекендик жана Ооган согуштарынын ардагерлери нааразылык акция өткөрүшүп, "Аңыз адам" журналын өрттөштү. 25 миң нускалуу журнал соңку санынын мукабасына Адольф Гитлердин сүрөтүн басып, “Гитлер фашист эмес”, “Сен үчүн Гитлер ким?”, “Гитлер Экинчи Дүйнөлүк согуштун негизги күнөөкөрү” деген макалаларды жана Гитлердин “Майн кампф” китебинен үзүндү баскан. Ошондой эле Гитлердин тарыхый ролу жөнүндө казак тарыхчыларынын, талдоочуларынын жана коомдук активисттердин карама-каршы көз караштары да берилген. 18-апрелде Казакстандын коммуникация жана маалымдоо мамлекеттик агенттиги басылмага каршы тийиштүү чара көрүлөрүн билдирген. 21.04.2014